«Архимед» кошумча билим берүү борбору
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машинатаануу, автоматика жана геомеханика институтунун алдындагы «Архимед» кошумча билим берүү борбору — коммерциялык эмес мамлекеттик билим берүү мекемеси (каттоо № 208461-3301-У-е).
Борбордун негизги максаты — окуучуларды табигый-илимий (физика-математикалык) жана техникалык багыттагы предметтер боюнча кошумча (тереңдетилген) даярдоонун билим берүү программаларын ишке ашыруу; жарандардын илим менен техниканын жетишкендиктери жөнүндө кошумча билим алууга, кесиптик ишти аткаруу үчүн зарыл болгон айрым дисциплиналарды, илимдин, техниканын жана технологиянын бөлүмдөрүн үйрөтүүчү билим берүү программалары аркылуу билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болууга болгон муктаждыгын канааттандыруу; адистерди жаңы экономикалык жана социалдык шарттарга ыңгайлаштыруу үчүн алардын квалификациясын кеңейтүү.
Борбордун ишмердик түрлөрү
кошумча жалпы өнүктүрүүчү билим берүү программалары боюнча окутуу;
орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелерине кирүү үчүн даярдоо курстарында окутуу;
бакалаврларды, адистерди жана магистрлерди кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
машиналарды жана жабдууларды тейлөө жана оңдоо үчүн жумушчу кадрларды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу.
«Архимед» кошумча билим берүү борбору заманбап окуу комплексинин — инженердик жана табигый-илимий лабораториялардын базасында мектеп окуучулары үчүн практикага багытталган өзгөчө кошумча билим берүү программаларын ишке ашырат.
Окутуучулар жана насаатчылар илимдер академиясынын окумуштуулары, илимди жайылтуучулар жана тармактык компаниялардын эксперттери менен биргеликте 3 негизги багыт боюнча 30дан ашык ар түрдүү программаны өткөрүшөт:
инженердик
табигый-илимий
көркөм өнөр
Дареги: Кыргыз Республикасы, 720055, Бишкек ш., Медеров көч., 96
Тел.: + (996) 312 541 113.
Электрондук почта: arhimed22kg@gmail.com
