«АСКАТЕШ» инженердик борбору
Борбордун негизги максаты — институттун илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын коммерциялык продуктка айландыруу, тоо-кен казып алуу жана энергетикалык курулуш ишканаларын техникалык жактан жабдуу маселелерин чечүү үчүн жаңы жогорку өндүрүмдүү машиналарды иштеп чыгуу, түзүү жана өндүрүү.
Борбордун ишмердик түрлөрү
ар кандай багыттагы механизмдерди жана машиналарды жасоо үчүн конструктордук документтерди иштеп чыгуу;
буюмдардын жана приборлордун толук функциялуу компьютердик моделдерин иштеп чыгуу;
гидравликалык тоо-кен, курулуш жана жол техникасын диагностикалоо;
жогорку тактыктагы жана жогорку технологиялуу буюмдардын тажрыйбалык үлгүлөрүнүн кеңири түрлөрүн өндүрүү; стандарттуу эмес гидравликалык жабдууларды жасоо;
тетиктерди жонуу, фрезерлөө жана бургулоо аркылуу механикалык иштетүү;
тетиктерди жылмалоо (ички, тышкы, жалпак);
тетиктерди газ менен ширетүү;
тетиктерди ийүү жана вальцалоо;
ар кандай татаалдыктагы тетиктерди жана түйүндөрдү оңдоо жана жасоо;
гидравликалык жабдууларды, гидравликалык балкаларды, экскаваторлорду, бургулоочу орнотмолорду жана башкаларды оңдоо;
тоо-кен жана курулуш-жол техникасын сервистик тейлөө.
Инженердик борбордун өндүрүштүк базасы — ири компаниялардан жана өндүрүүчүлөрдөн тартып университеттерге жана стартаптарга чейинки кеңири чөйрөдөгү өнөктөштөр менен иштөөгө багытталган илимий-өндүрүштүк аянтча. Анын курамына тажрыйбалык өндүрүш жана конструктордук-технологиялык бөлүм кирет.
Тажрыйбалык өндүрүш даярдоо, термикалык иштетүү, механикалык иштетүү жана слесардык-жыйноо участокторунан турат. Резина-техникалык буюмдарды жасоочу жабдуулар бар. Бул база институттун окумуштуулары жана инженерлери иштеп чыккан илим сыйымдуу продукцияны чакан серияда чыгарууга мүмкүндүк берет.
