Институт жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясынын Машинатаануу, Автоматика жана Геомеханика институту — Кыргызстандагы техникалык илимдердин көйгөйлөрүн чечүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө белгилүү мамлекеттик илимий-изилдөө мекемеси.
Институттун миссиясы — машина куруу, энергетика, прибор куруу, маалыматтык технологиялар, жер казынасын өздөштүрүү технологиялары, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин баалоо, божомолдоо жана алдын алуу жаатында алдыңкы инженердик мектептерди жана заманбап ата мекендик иштеп чыгууларды түзүү; интеллектуалдык тармактык изилдөө чөйрөсүн сактоо жана өнүктүрүү; жаңы илимий жана инженердик элитаны калыптандыруу.
Институттун ишинин максаты жана предмети — жаңы билимдерди алууга багытталган фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий-техникалык прогресске жигердүү көмөктөшүү; өнөр жай ишканалары жана башка уюмдар менен биргеликте илимий идеяларды ишке ашыруу, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо.
Илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары
- автоматика, энергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары;
- геомеханика, геотехнология, геоэкология;
- киберфизикалык системалар;
- механика, тоо-кен жана айыл чарба машинатаануусу.
Институтта төмөнкү адистиктер боюнча аспирантура жана докторантура бар
- 05.02.18 — механизмдердин жана машиналардын теориясы
- 05.05.06 — тоо-кен машиналары
- 05.09.01 — электр механикасы жана электр аппараттары
- 05.13.01 — системалык талдоо, башкаруу жана маалыматты иштетүү
- 05.13.05 — эсептөө техникасынын жана башкаруу системаларынын элементтери жана түзүлүштөрү
- 05.13.18 — математикалык моделдөө, сандык ыкмалар жана программалардын комплекстери
- 05.13.19 — маалыматты коргоо ыкмалары жана системалары, маалыматтык коопсуздук
- 05.14.02 — электр станциялары жана энергетикалык системалар
- 05.14.08 — энергиянын кайра жаралуучу түрлөрүнө негизделген энергетикалык орнотмолор
- 05.20.01 — айыл чарбасын механикалаштыруунун технологиялары жана каражаттары
- 25.00.20 — геомеханика, тоо тектерин жардыруу менен бузуу, кендеги аэрогазодинамика жана тоо-кен жылуулук физикасы
- 25.00.22 — геотехнология
- Институтта докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештер иштейт.
Институт мезгилдүү илимий-техникалык журналдарды чыгарат
- Машина таануу
- Автоматташтыруу жана башкаруу көйгөйлөрү
- Механиканын заманбап көйгөйлөрү
Институттун алдында төмөнкү бөлүмдөр жана борборлор иштейт
- Метрология жана стандартташтыруу бөлүмү
- «Аскатеш» инженердик борбору
- «Рапид-Аддитив» инженердик борбору
- «Геоприбор» илимий-инженердик борбору
- «Архимед» заманбап билим берүү технологиялары борбору
