Институттун тарыхы
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машинатаануу, автоматика жана геомеханика институту КР УИАнын илимий-изилдөө мекемелерин кайра уюштуруу жөнүндө КР УИАнын Президиумунун 15.09.2023-жылдагы № 48 токтомунун негизинде эки институтту — КР УИАнын Машинатаануу жана автоматика институтун жана КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтун бириктирүү аркылуу түзүлгөн.
КР УИАнын Машинатаануу жана автоматика институту КР УИАнын Жалпы чогулушунун 29.09.2018-жылдагы № 2 токтомунун негизинде КР УИАнын Машинатаануу институту менен КР УИАнын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтун бириктирүү аркылуу түзүлгөн.
КР УИАнын Машинатаануу институту — Кыргыз ССР ИАнын Тоо тектеринин физикасы жана механикасы институтунун Бургулоо техникасын комплекстүү механикалаштыруунун жана автоматташтыруунун илимий негиздери бөлүмүнүн (1965-жыл) укук улантуучусу. Кийин ал Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунун Механика жана тоо-кен машинатаануусу бөлүмү (1970-жыл), андан соң Автоматика институтунун «Импульс» илимий-инженердик борбору (1988-жыл) болуп өзгөртүлгөн. Борбор 1990-жылы Кыргыз ССР ИАнын өз алдынча түзүмдүк бөлүмүнүн макамын алып, 1992-жылы Машинатаануу институту болуп кайра түзүлгөн.
КР УИАнын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институту — Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунун укук улантуучусу. Ал Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому менен 14.06.1960-жылы Энергетика жана суу чарба институтунун Автоматика жана телемеханика лабораториясынын базасында түзүлүп, 2008-жылы аталышы өзгөртүлгөн.
КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту — Кыргыз ССР ИАнын Тоо-кен иштери институтунун укук улантуучусу. Ал 1960-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Геология институтунун Тоо-кен иштери бөлүмүнүн базасында түзүлгөн. Кийин 1964-жылы Кыргыз ССР ИАнын Тоо тектеринин физикасы жана механикасы институту, ал эми 2008-жылы Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту деп аталган.
Ар кайсы жылдары институттарды төмөнкүлөр жетектеген:
Автоматика институту: КР УИАнын академиги Н. Н. Шумиловский (1960-1967-жылдар), КР УИАнын академиги Ю. Е. Неболюбов (1967-1973-жылдар), техника илимдеринин кандидаты А. Н. Волков (1974-1980-жылдар), КР УИАнын академиги Э. Э. Маковский (1980-1988-жылдар), техника илимдеринин доктору А. М. Цыкунов (1988-1993-жылдар), КР УИАнын академиги Ж. Шаршеналиев (1994-2000-жылдар), КР УИАнын мүчө-корреспонденти Т. Т. Оморов (2000-2008-жылдар). Аталышы өзгөртүлгөндөн кийин Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтун КР УИАнын академиги Ж. Шаршеналиев (2008-2016-жылдар), техника илимдеринин доктору, профессор Б. И. Исмаилов (2016-2017-жылдар), техника илимдеринин доктору, профессор И. В. Брякин (2018-2019-жылдар) жетектеген.
Тоо тектеринин физикасы жана механикасы институтун техника илимдеринин доктору Е.Г. Баранов (1960-1966-жылдар), КР УИАнын академиги О.Д. Алимов (1966-1970-жылдар), КР УИАнын академиги И.Т. Айтматов (1970-1990, 1993-2004-жылдар), КР УИАнын академиги В.И.Нифадьев (1990-1993-жылдар), КР УИАнын мүчө-корреспонденти К.Ч.Кожогулов (2004-2008-жылдар) жетектеген. Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтун КР УИАнын академиги К.Ч. Кожогулов (2008-2023-жылдар) жетектеген.
Механика жана тоо-кен машинатаануусу бөлүмүнүн илимий жетекчиси КР УИАнын академиги О. Д. Алимов (1965-1992-жылдар), «Импульс» илимий-инженердик борборунун директору техника илимдеринин доктору, профессор В. К. Манжосов (1992-1993-жылдар) болгон.
Машинатаануу институтун КР УИАнын мүчө-корреспонденти С. Абдраимов (1993-1995-жылдар), КР УИАнын академиги М.С. Джуматаев (1995-2017-жылдар), техника илимдеринин доктору Б. С. Султаналиев (2017-2018-жылдар) жетектеген.
Институттар бириккенден кийин Машинатаануу жана автоматика институтун техника илимдеринин доктору Б.С. Султаналиев (2018-2023-жылдар) жетектеген. Ал Машинатаануу, автоматика жана геомеханика институтунун директору болуп да калган.
Автоматика институту
Автоматика институту түптөлгөн мезгилде изилдөөлөр башкаруу процесстерин автоматташтыруу жана информатика; гидромелиорациялык системаларды автоматташтыруу; прибор куруу; суу-энергетикалык ресурстар сыяктуу багыттарга топтолгон. Мындан тышкары, туташ чөйрөнүн механикасы жаатында изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Институтта 1970-1989-жылдары болгон «машина куруу» илимий багыты Машинатаануу институтун түзүүгө негиз болгон. Кийин «суу-энергетикалык ресурстар» багыты өз алдынча илимий мекеме — Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту болуп бөлүнүп чыккан.
Кыргызстандын, Россиянын жана СССРдин башка республикаларынын дарыялары менен каналдарында сууну бөлүштүрүүнү ыкчам башкаруунун принципиалдуу жаңы системалары иштелип чыгып, өндүрүшкө киргизилген. Биринчи жолу башкаруучу электрондук эсептөө машинасы бар автоматташтырылган ирригациялык система түзүлгөн. Бул натыйжалардын аркасында институт сугат системаларын комплекстүү автоматташтыруунун теориясы жана практикасы жаатында алдыңкы орунга чыккан.
Кыймылдары бөлүнүүчү татаал динамикалык системаларды башкаруунун прецизиондук автоматтык системаларынын теориясы түзүлүп, аларды синтездөө ыкмалары иштелип чыккан. Изилдөөлөрдүн натыйжалары СССРдин коргонуу ишканаларына киргизилген.
Үзгүлтүксүз өндүрүштөрдүн технологиялык процесстерин башкаруунун автоматташтырылган системалары иштелип чыгып, түзүлгөн жана изилденген. Натыйжалар Токмок айнек заводуна, Кант цемент-шифер комбинатына жана Казакстандын бир катар цемент заводдоруна киргизилген. Ар кандай чөйрөлөрдүн (мунайдын, төгүлмө материалдардын, жыгачтын ж.б.) нымдуулугун өлчөөчү приборлор иштелип чыгып, өндүрүшкө киргизилген. Геофизикалык изилдөөлөр үчүн приборлор, жер титирөөлөрдүн кыйыр кабарчыларын аныктоо максатында Жердин электромагниттик талаасынын түзүүчүлөрүн өлчөөчү өлчөө-иштетүү комплекстеринин бир нече түрү түзүлгөн. Ар кандай багыттагы феррозонддор: металл детекторлору, вариометрлер, градиентометрлер, магнитометрлер иштелип чыккан.
Булалуу материалдардын тегиз эместигин жана сызыктуу тыгыздыгын, трикотаж өндүрүшүндөгү жиптин ылдамдыгын жана сарпталышын өлчөөчү приборлордун сериялары иштелип чыгып, өндүрүшкө киргизилген. Активдүү объекттердин багытын аныктоо системалары жана тик учактарды жабдылбаган аэродромдорго кондуруу системасы түзүлгөн.
Айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү жана табигый өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлоо системасы иштелип чыгып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилген. Мониторинг системасы тоолуу аймактардын айлана-чөйрө параметрлеринин абалын көзөмөлдөйт. Суу ташкыны жана сел коркунучу жөнүндө кабарлоо системасы «Ала-Арча» улуттук паркына киргизилген.
Кыймылдуу объекттерди, технологиялык процесстерди, сызыктуу эмес системаларды автоматтык башкаруунун, маалыматтык жана телекоммуникациялык системалардын жана технологиялардын, прибор куруунун теориялык жана практикалык проблемаларын изилдөөгө чоң салым кошкон: академиктер Н.Н. Шумиловский, Ю.Е. Неболюбов, М.Я. Леонов, Э.Э. Маковский, Ж.Ш. Шаршеналиев, В.П. Живоглядов, мүчө-корреспондент Р.О. Оморов, мүчө-корреспондент Т.Т. Оморов, илимдин докторлору А.И. Егоров, И.Б. Бийбосунов, А.М. Цыкунов, Б.М. Миркин, Дж. Мамытов, В.М. Бусаргин, Ч. Джаныбеков, К.А. Пресняков, И.В. Брякин, Н.М. Лыченко; илимдин кандидаттары А.Л. Скрипко, В.И. Куротченко, С.С. Нагорнов, В.И. Брякин, С.В. Гавриленков, В.А. Першаков, В.И. Замай.
Энергетика жана салттуу эмес энергия булактарын — күндү, шамалды, чакан суу агымдарын пайдалануу багыты Механика жана тоо-кен машинатаануусу бөлүмүнүн илимий жетекчиси, академик О.Д. Алимовдун демилгеси менен башталган. Ал ошол мезгилде эле бул багыттын республика үчүн актуалдуулугун жана маанисин, энергия менен камсыздоо жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча иштеп чыгууларга суроо-талап жогору болорун түшүнгөн. Күндүн, шамалдын, чакан суу агымдарынын жана биомассанын энергиясы менен иштөөчү техникалык каражаттардын теориясын, эсептөө жана долбоорлоо ыкмаларын иштеп чыгууга багытталган фундаменталдык илимий изилдөөлөрдүн цикли жүргүзүлгөн.
Автономдуу объекттерди энергия менен камсыздоо үчүн айкалыштырылган күн-шамал комплекстерин түзүү теориясында өтө маанилүү натыйжалар алынган. Дүйнөдө окшошу жок коаксиалдык шамал энергетикалык орнотмолордун принципиалдуу жаңы классын түзүүнүн теориялык негиздери биринчи жолу сунушталып, иштелип чыккан. Күн энергиясын жана жылуулук насосун айкалыштырган орнотмолорду түзүү боюнча изилдөөлөр башталган.
Күн энергетикасы жаатындагы изилдөөлөр «абсолюттук кара дененин» элементтери бар коллекторлордо, ошондой эле сифондук күн жылуулук менен камсыздоо системаларында энергияны өзгөртүү жана берүү теориясын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген. Айлана-чөйрөнүн жашыруун энтальпиясын пайдаланган аба-суу күн системалары биринчи жолу изилденген. Иштелип чыккан күн орнотмолорунун, микро ГЭСтердин, биогаз жана шамал энергетикалык орнотмолордун конструкциялары «ОРЕМИ» АК, БМЗ, «Жаз» АК, «Энвод» АК, «Флюид» коомдук фонду, «ЭВМ» заводу, «Кыргызавтомаш», «Сантехма» АК жана башка өнөр жай ишканаларыбыз тарабынан өздөштүрүлгөн.
Төмөн напорлуу эки роторлуу микро гидроэлектр станцияларын синтездөөнүн теориялык негиздери иштелип чыккан. Бул чектелген кубаттуулук шартында иштөөчү микро ГЭСтердин классы үчүн жаңы илимий багыттын пайдубалын түзгөн.
Салттуу эмес энергия булактарын пайдалануу жаатындагы изилдөөлөргө мүчө-корреспондент А.Дж. Обозов жана техника илимдеринин доктору А.Б. Бакасова чоң салым кошкон.
Институт иштеген мезгилде кызматкерлер, аспиранттар жана изденүүчүлөр автоматика жана башкаруу, математикалык моделдөө, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жаатында 40тан ашык докторлук жана 200дөн ашык кандидаттык диссертацияларды коргошкон.
Машинатаануу институту
Машинатаануу институтунун изилдөө проблематикасынын алгачкы этапта (1965-жылдан 1980-жылдарга чейин) калыптанышы Кыргыз ССР ИАнын академиги О.Д. Алимовдун ишмердиги менен байланыштуу. Ошол мезгилде тоо-кен иштери, курулуш жана башка окшош өндүрүштөр үчүн күч импульстук системалары бар машиналарды түзүүнүн жаңы концепциясы өнүккөн. Ал натыйжалуу электр-гидравликалык жетектерди, оор жүктөлгөн универсалдуу манипуляторлорду жана мобилдүү жүрүүчү түзүлүштөрдү колдонуу аркылуу машиналарды түп-тамырынан жакшыртууну көздөгөн. Бул концепция энергияны топтоону, бир түрдөн экинчисине өзгөртүүнү жана иштетилүүчү объектке жогорку кубаттуу импульстар түрүндө берүүнү ишке ашырган өз ара байланышкан түзүлүштөр менен процесстердин жыйындысын өз алдынча талдоо объектиси катары кароого мүмкүндүк берген. Натыйжада сокку машиналарын, согуу-штамптоо пресстерин, бекем чөйрөлөрдү бургулоо жана талкалоо техникасын изилдөө бирдиктүү илимий-усулдук багытка бириктирилип, аларды талдоонун жана синтездөөнүн жалпыланган ыкмалары иштелип чыккан.
Фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү бир катар илимий-техникалык проблемаларды коюуну жана өнүктүрүүнү талап кылган: сокку жана сокку толкундарынын таралуу теориясы; бургулоодо тоо тектеринин бузулуу процессинин теориясы; гидравликалык, электромагниттик жана электр-механикалык титирөө-сокку жана айланма механизмдери, алардын трансмиссиялары бар күч импульстук системалардын теориясы; экстремалдуу шарттар үчүн маалымат берүүчү бургулоо автоматтарын түзүүнүн теориясы жана практикасы; шпурларды жана скважиналарды бургулоочу комплекстерди жана агрегаттарды, күч импульстук системалары жана оор жүктөлгөн манипуляторлору бар талкалоочу жана бошоп калган тоо тектерин түшүрүүчү агрегаттарды түзүү жана аларды эргономикалык баалоо; өзгөрмө түзүмдүү механизмдердин теориясы, алардын негизинде машиналарды инженердик эсептөө жана конструкциялоо негиздери; баалуу курулуш материалдарын казып алууну механикалаштыруучу каражаттарды түзүүнүн теориясы жана практикасы.
Институт иштеген мезгилде анын жамааты күч импульстук системалары бар «Аскатеш» тобундагы принципиалдуу жаңы машиналарды жана аппараттарды, Айдын, Венеранын жана Күн системасынын башка планеталарынын жер казынасын изилдөөчү аппараттарды, согуу-штамптоо өндүрүшү үчүн автоматтык пресстерди, «Импульс» гидравликалык балкаларынын типтик өлчөмдөр катарын, айланма-сокку жана сокку-бурулуш ыкмалары менен шпур бургулоочу машиналарды, мобилдүү бургулоо жана талкалоо агрегаттарын түзгөн. Ошондой эле таш казып алуу жана иштетүү техникасы, дубал таштарын, жыгач иштетүүнүн калдыктарынан жана көмүр майдасынан брикеттерди жасоочу титирөө-пресстөө жабдуулары, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга арналган авариялык-куткаруу шаймандарынын топтому, айыл чарба иштерин механикалаштыруучу машиналар — гидропоникалык күнөскана, бакча өсүмдүктөрүн себүүчү сепкич, үрөндөрдү кабыктоочу аппарат (дражиратор) иштелип чыгып, кеңири өнөр жай сыноолорунан өткөн.
Институтта түзүлүп, өзүнүн өндүрүштүк базасында жана машина куруу заводдору менен биргеликте жасалган машиналар бир катар тоо-кен казып алуу, металлургия жана машина куруу ишканаларына жеткирилген.
Институттун адистеринин катышуусу менен В. И. Ленин атындагы станок заводу өндүрүштүк бирикмесинде жасалган, өзгөрмө түзүмдүү механизми бар «Уста» тибиндеги принципиалдуу жаңы муфтасыз тез аракеттенүүчү пресстер Россиянын ар кандай ишканаларында массалык согуу-штамптоо өндүрүшүндө колдонулат. КР Инженердик академиясы менен биргеликте тоо-кен өнөр жайы үчүн өзгөрмө түзүмдүү механизмдери бар машиналардын ар кандай үлгүлөрүнүн конструкциялары иштелип чыккан: ишканаларда сыноодон өткөн электр-механикалык ургулап талкалоочу балкалар жана перфораторлор; күл-шлак өткөргүчтөрдүн ичинде пайда болгон катуу катмарды бузууга арналган стационардык жана көчмө сокку машиналары. Алар Бишкек шаарынын ЖЭБинде алдын алуу иштеринде колдонулат.
Институтта БМ 18 (УБШ), БМ 25 универсалдуу бургулоо орнотмолору, КБ-76 бургулоо комплекси, «Импульс ПБУ-110» көчмө бургулоо орнотмосу жана БС-32 катарлап бургулоо станогу түзүлгөн. КБ-76 комплексинин тажрыйбалык үлгүсү Караганда шаарынын шахталарында газсыздандыруучу скважиналарды бургулоодо сыноодон өткөн. БМ-18 тибиндеги орнотмо жер астындагы өтмөк иштерин жүргүзүүгө, Камбар-Ата ГЭСинин курулушунда шпурларды жана скважиналарды бургулоого жеткирилген. БМ 25 универсалдуу бургулоо машинасы «Солтон-Сары» кенинин калдык сактагычтарын бургулоо аркылуу геологиялык чалгындоодо, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айылдарында жана Ысык-Көлдүн курорттук аймагында суу скважиналарын бургулоодо сыналган. Ушул эле орнотмо менен Ысык-Ата районунун Красная Речка айылынын жанындагы Бишкек–Токмок жолунун астынан горизонталдуу скважиналарды бургулоонун өзгөчө технологиясы текшерилген. Орнотмо Масалиев атындагы «Шахта Баш-Бурхан» АКга пайдаланууга берилген.
Институттун өндүрүштүк базасында сокку энергиясы 200дөн 6000 Джга чейинки «Импульс» гидравликалык балкаларынын 200дөн ашык үлгүсү жасалып, келишимдер боюнча жеткирилген. «Импульс» балкалары өнөр жай сыноолорунан өтүп, Кыргызстандын («Мак-мал», «Солтон-Сары», «Куранжайлоо» кендеринде; «Манас» аэропортунда; «Северэлектро», «Ак-Таш», «Нарынгидроэнергострой» акционердик коомдорунда; «Электр станциялары» ААКнын Камбар-Ата ГЭСтеринде жана башка ишканаларда), Казакстандын («Новацинк» АК, Аксу феррокуйма заводунун филиалы, «Трансстроймост» АК, «Акмолакурлысматериалдары» ЖЧШ), Германиянын, Болгариянын, Россиянын жана Украинанын ишканаларында пайдаланылат.
Бул иштеп чыгуулар илимий-техникалык дараметти тез жогорулатууга, республикада жана анын чегинен тышкары белгилүү болгон механик-окумуштуулардын мектебин түзүүгө, тоо-кен машиналары, механизмдердин жана машиналардын теориясы жаатында 20дан ашык илимдин докторун жана дээрлик 120 илимдин кандидатын даярдоого мүмкүндүк берген. Тоо-кен иштери жана машина куруу үчүн машиналарды түзүүнүн теориялык жана практикалык проблемаларын изилдөөгө чоң салым кошкон: академиктер О.Д. Алимов, А.В. Фролов, М.Т. Мамасаидов, М.С. Джуматаев; мүчө-корреспонденттер С. Абдраимов; М. Ураимов, илимдин докторлору В.К. Манжосов, С.А. Басов, Л.Т. Дворников, В.Э. Еремьянц, Е.Б. Бексалов, Ю.М. Сосновский, Т.О. Невенчанная, К.Д. Турсунов, Р.А. Мендекеев, А.О. Абидов, А. Каримов, Э.С. Абдраимов, А. Аширалиев, М.З. Алмаматов, Б.С. Султаналиев, С.С. Искенов, илимдин кандидаттары Ж. Усубалиев, А. Ызабеков, А. Ф. Коршунов, Б. Р. Матвеев, П. П. Закарян, Л.И. Старков, В. Г. Юдин, А.Бообеков, Ю. В. Кудрук, П. С. Туровский, А. Тентимишев, А. В. Прахова, В.П. Кондратьев, Л.Р. Еникеева, М. Арзиев, М.Т. Токтобеков, А.А. Цокуренко, А.А. Землянский, Б.В. Фомин, М.А. Пак, И.С. Волоскова, В.В. Волосков, А.В. Анохин, В.В. Воронкин, К. Р. Усманов, Э.К. Ажибаев, Р.К. Тувальбаев, В.А. Яхонтов, М.Д. Дандыбаев, В.Л. Герцев, А.А. Исмаилов, К.Н. Касымалиев, С.И. Квитко, Мелис уулу Д., Б.Т. Жоробеков, К.К. Орозов, С.Г. Горбачев, В.Б. Васильев, К.Т. Эликбаев.
Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту
Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун иш тематикасы түптөлгөндөн тартып тоо тектеринин механикасын, түзүлүшү татаал пайдалуу кен байлыктардын кендерин сарамжалдуу өздөштүрүүнү, геофизикалык прибор курууну жана тоо тектерин жардыруу менен бузууну изилдөө менен байланыштуу болгон.
Институттун илимий ишмердиги Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү болгон пайдалуу кендерди сарамжалдуу жана коопсуз өздөштүрүү, республиканын геотехникалык объекттеринин экологиялык коопсуздугун камсыздоо проблемаларын чечүүгө багытталган. Институт үч багыт боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн:
Тоо тектеринин массивинин геомеханикасы (геотехникалык объекттер иштеген зоналардагы тоо тектеринин жана массивдердин касиеттерин, чыңалуу абалын баалоо; массивдердин геомеханикалык параметрлерин аныктоо ыкмалары жана каражаттары; кендерди жер астынан иштетүү системаларынын казылган мейкиндиктеринин жана конструкциялык элементтеринин туруктуулугу; карьер бортторунун, тоо беттеринин, жол жантаймаларынын жана гидротехникалык курулмалардын туруктуулугу);
Жер казынасын өздөштүрүү технологиясы (пайдалуу кендерди казып алуу жана минералдык ресурстарды сарамжалдуу өздөштүрүү, кендерди тоо-кен-экономикалык баалоо);
Табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин баалоо, божомолдоо жана алдын алуу (математикалык моделдөө, экологиялык тобокелдиктерди баалоо, приборлорду жана аппаратураны түзүү, калдык сактагычтардын дамбаларынын туруктуулугу).
Фундаменталдык илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында эки илимий ачылыш жасалган:
• Тоо тектериндеги калдык чыңалуулардын секирик түрүндө бошонуу кубулушу (авторлору: техника илимдеринин доктору, профессор К.Т. Тажибаев, КР УИАнын академиги И.Т. Айтматов; № 90 диплом, 24.04.1998-жылдагы № А 109 каттоо, Москва);
• Катуу материалдардагы механикалык чыңалууга жараша ультраүндүү поляризацияланган жылыш толкунунун өтүү ылдамдыгынын салыштырмалуу чоңдугунун өзгөрүү мыйзам ченемдүүлүгү (Кушбакали мыйзамы) (авторлору: техника илимдеринин доктору, профессор К.Т. Тажибаев, техника илимдеринин кандидаты М.С. Акматалиева, техника илимдеринин кандидаты Д.К. Тажибаев; 12.04.13-жылдагы № А 571 диплом, Москва).
Геомеханика, геотехнология жана геоэкология жаатындагы илимий-изилдөө маселелерин чечүүдө тектоникалык тоо соккуларынын жана жер титирөөлөрдүн көлөмдүү очокторунун теориялык модели, тоо тектеринин динамикалык бузулууга жакындыгын жана массив тилкелеринин сокку коркунучун аныктоо ыкмалары, тоо тектеринде жана катуу чөйрөлөрдө калдык чыңалууларды аныктоонун импульстук жана бузбаган ультраүндүү ыкмалары иштелип чыгып, негизделген. Сандык моделдөөнүн негизинде геотехникалык объекттердин статикалык жана сейсмикалык туруктуулугун баалоо ыкмалары; тоо беттериндеги транспорттук магистралдардын жантаймаларынын туруктуулугунун бузулушун алдын алуу, Кыргызстандын тоо-кен өнөр жай райондорунда геоэкологиялык мониторингди уюштуруу жана жүргүзүү, республиканын көмүр жана руда кендерин комплекстүү өздөштүрүү боюнча усулдук сунуштар иштелип чыккан.
Институттун илимий негизи жана иштеп чыгуулары жогорку квалификациялуу илимий дараметти калыптандырууга, КМШда кеңири белгилүү болгон геомеханик-окумуштуулардын мектебин түзүүгө, геомеханика жана геотехнология жаатында 30га жакын илимдин докторун жана 100дөн ашык илимдин кандидатын даярдоого мүмкүндүк берген. Пайдалуу кендерди өздөштүрүүдө геомеханикалык жана геотехнологиялык проблемаларды изилдөөгө чоң салым кошкон: академиктер С.Г. Авершин, О.Д. Алимов, И.Т. Айтматов, К.Ч. Кожогулов, В.И. Нифадьев, илимдин докторлору Е.Г. Баранов, Г.В. Секисов, И.А. Тангаев, Н.Г. Ялымов, В.Я. Степанов, Б.И. Манжиков, Н.В. Дронов, Б.И. Бийбосунов, К.П. Шкурина, Б. Толобекова, Б. Жумабаев, К.Т. Тажибаев, О.В. Никольская, К. Ж. Усенов, илимдин кандидаттары К.Д. Вдовин, А.И. Калинин, М.К. Терметчиков, С.Б. Барсанаев, Т.Д. Джороев, А.А. Ашимбаев, В.Ф. Бучнев, Б.Бактиев, Р.Н. Ялымов, Ю.Г. Алешин, М.Н. Лейцин, И.А. Торгоев, Б.А. Чукин, Г.О. Казакбаева, Э.А. Ким, А.А. Аманалиев, Г.С.Исаева, С.Б.Омуралиев, Г.Н. Фалалеев, Ш.А. Абдибаитов, Д.К. Тажибаев, Г.А. Кадыралиева, М.С. Акматалиева, Б.Э. Эмильбеков, А. К.Орозобекова, З.С. Шамбетов, С. Ж.Куваков, Д.А.Беспалов.
