«RAPID ADDITIVE» инженердик борбору
Рапид Аддитив — өнөр жай ишканаларында, изилдөө борборлорунда, чакан жана орто бизнестин долбоорлорунда өзгөчө 3D-технологияларды долбоорлоо, жасоо жана киргизүү менен алектенген инжиниринг компаниясы.
Борбордун илимий, конструктордук-технологиялык жана өндүрүштүк кубаттуулуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машинатаануу, автоматика жана геомеханика институтунун базасында жайгашкан.
Иш багыттары
Тескери долбоорлоо (реверс-инжиниринг)
Аддитивдик технологияны колдонуу менен даяр продукцияны жана технологиялык жарактарды түздөн-түз өндүрүү
Функционалдык прототиптерди жана көрсөтмөлүү моделдерди жасоо
Геометриялык параметрлерди көзөмөлдөө
Тетиктердин геометриясын оптималдаштырууга багытталган долбоорлоо
Илимий-изилдөө иштери жана билим берүү милдеттери
Санариптик архивдерди түзүү
3D-моделдерди жасоо
Жеңил өнөр жай үчүн тетиктерди жана механикалык түйүндөрдү жасоо;
Полимердик буюмдарды жасоо
Сандык программалык башкаруусу бар жабдууларды долбоорлоо, жасоо, рынокко чыгаруу жана сатуу.
