Динамикалык системалардын синергетикасы жана хаосу лабораториясы
Динамикалык системалардын синергетикасы жана хаосу лабораториясы
Лабораториянын түзүлүү тарыхы
Лаборатория 2011-жылы КР УИАнын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Башкаруу системаларынын синергетикасы жана сызыктуу эмес динамикасы» деген аталышта уюштурулган. 2013-жылы «Башкаруу системаларынын сызыктуу эмес динамикасы жана өзүн-өзү уюштуруусу», ал эми 2021-жылы «Динамикалык системалардын синергетикасы жана хаосу» деп өзгөртүлгөн.
2011–2013-жылдары лабораторияны Оморов Р.О. жетектеген. 2013–2020-жылдары лабораторияны Бакасова А.Б. жетектеген. 2021-жылдан азыркыга чейин лабораторияны КР УИАнын мүчө-корреспонденти Оморов Р.О. жетектейт.
Негизги илимий багыттар
- Динамикалык системалардын, анын ичинде синергетикалык системалардын жана хаостун структуралык туруктуулугун жана бифуркацияларын изилдөө, алардын динамикалык моделдерин иштеп чыгуу жана структуралык туруктуу, робасттуу системаларды синтездөө.
- Динамикалык жана синергетикалык системалардын структуралык туруктуулугун жана робасттуулугун баалоо, бифуркацияларын болжолдоо усулдарын иштеп чыгуу.
Негизги илимий жыйынтыктар жана жетишкендиктер
- Динамикалык системалардын топологиялык структуралык туруктуулук теориясынын негиздери жана усулу иштелип чыккан;
- Интервалдык динамикалык системалардын робасттуу туруктуулугунун алгебралык усулу иштелип чыккан;
- Кеңири белгилүү синергетикалык системалардын, анын ичинде Лоренцтин, Рёсслердин, Чуанын системалары менен аттракторлорунун, «жырткыч–жемтик» системасынын жана башка системалардын структуралык туруктуулугу жана бифуркациялары изилденген.
Лабораториянын курамы
- Оморов Роман Оморович — Лаборатория башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти
- Джаманбаева Зинакуль Ашикбаевна — Башкы илимий кызматкердин милдетин аткаруучу, химия илимдеринин кандидаты
- Бурканов Мирлан Макамбаевич — Жетектөөчү инженер

